Россиядан Кыргызстанга 671 миң орус тили боюнча окуу куралдары жеткирилди
13 август

Россиядан Кыргызстанга 671 миң орус тили боюнча окуу куралдары жеткирилди

Кыргызстанга Россиядан өлкөнүн жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу адабияттарынын ири партиясы жеткирилди.

Жалпысынан «Орус тили жана окуу» предмети боюнча ылайыкташтырылган окуу китептеринин 671 миң нускасы өткөрүлүп берилди.

Окуу адабияттарын кабыл алуу-өткөрүп берүү боюнча расмий азем окуу китептери сакталган кампада өттү. Ага Кыргызстандын Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» мамлекеттик мекемесинин директору Тологон Аматов жана «Менин тарыхым» фондунун эл аралык ишмердүүлүк департаментинин жетекчисинин орун басары Павел Гнидин катышты.

Окуу китептери кыргыз жана орус тилдеринде билим берүүчү мектептердин 1, 2 жана 5-класстарынын окуучуларына арналган.

Окуу куралдары эки өлкөнүн басмаканалары тарабынан биргелешип иштелип чыгып, жаңыланган мамлекеттик жана предметтик стандарттар, ошондой эле Кыргызстандын билим берүү программалары эске алынган.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, келген китептердин тиражы алдыдагы окуу жылында өлкөдөгү мектептердин орус тили жана окуу боюнча окуу китептерине болгон муктаждыгын толук камсыздайт.

Долбоор «Менин тарыхым» гуманитардык илимдерди колдоо фонду тарабынан «Просвещение» басмаканасы менен биргеликте, Кыргызстандын жана Россиянын агартуу министрликтеринин колдоосу менен ишке ашырылууда.

Жакынкы күндөрү окуу китептери республиканын бардык райондорундагы жана шаарларындагы мектептерге бөлүштүрүлүп, жеткирилет.