Ош шаарында 75 орунга ылайыкталган бала бакчанын курулушу башталды 
13 август

Ош шаарында 75 орунга ылайыкталган бала бакчанын курулушу башталды 

Бүгүн, 13-августта Ош шаарынын Абдыкапар Базаров көчөсү, №53/1 дарегинде 75 орунга ылайыкталган жаңы бала бакчанын пайдубалына мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Болот Баетов, шаардык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Жаңы мектепке чейинки билим берүү мекемеси заманбап талаптарга ылайык курулуп, кичинекей шаардыктар үчүн коопсуз, ыңгайлуу жана жаркын шарттарды түзүүгө багытталган.

Жаңы 2 кабаттуу имараттын жалпы аянты 1118,5 м² түзүп, 75 балага ылайыкталган. Ичинде заманбап ашкана, жыйындар залы, медициналык жана уктоочу бөлмөлөр, жылытуу системасы каралган, ал эми сыртында коопсуз оюн аянтчасы курулат.

Аталган аймакта буга чейин чакан жана эскирген бала бакча иштеп келгендиктен, жаңы бакчага болгон муктаждык абдан жогору болчу. Аны менен катар, жакында көп жылдан бери чечилбей келген таза суу маселеси толугу менен жөнгө салынган.