КММАда саламаттыкты сактоо тармагындагы бош орундардын жарманкеси болуп өттү
25-апрелде Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында (КММА) саламаттыкты сактоо тармагындагы бош орундардын жарманкеси өттү.
Иш-чарага саламаттыкты сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов, аймактардан келген 100дөн ашык иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү, ошондой эле КММАнын 400гө жакын ординаторлору жана бүтүрүүчүлөрү катышты.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов жарманкенин маанилүүлүгүнө токтолуп, ал жаш адистерди иш менен камсыз кылуунун эффективдүү инструментине айланат деген ишенимин билдирди.
Аймактардан келген координаторлор видео жана презентацияларды көрсөтүштү, аларда медициналык мекемелердеги бош орундар жана иштөө шарттары тууралуу сөз болду.
Иш берүүчүлөр кызыккан талапкерлер менен жеке сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
КММАнын бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруу жана коомчулук менен байланыштар боюнча адиси Миргүл Сапарова иш-чаранын жыйынтыгына жогору баа берди. Анын айтымында, КММАнын бүтүрүүчүлөрүнүн 90%дан ашыгы, декреттик өргүүдө жүргөндөрдү кошпогондо, эмгек рыногунун талабына ылайык ийгиликтүү ишке орношууда.
