PISAга даярдануу үчүн 3,1 миң окуучу пилоттук изилдөөгө катышат
Билим берүү жана илим министрлигинен 16-сентябрдан 15-октябрга чейин PISA инструменттерин жана жол-жоболорун апробациялоо жүргүзүлө тургандыгын кабарлашты.
Талаа изилдөөсүнө тандалып алынган мектептердин 3 миң 100 окуучу катышат.
2025-жылы Кыргыз Республикасынын 15 жаштагы окуучулары PISA билим берүүнүн сапатын эл аралык изилдөөнүн негизги этабына катышат.
PISA изилдөөсүнө катышуу Кыргыз Республикасынын окуучуларынын билим деңгээлин жана көндүмдөрүн башка өлкөлөрдүн көрсөткүчтөрү менен салыштырууга мүмкүндүк берет.
PISA-2025 изилдөөсүндөгү жыйынтык Кыргыз Республикасында мектептик билим берүүнү өнүктүрүү багыты, реформалардын натыйжалуулугуна баа берүү болуп калат. Натыйжаларды талдоо окутуунун сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет.