Окутуучулар креативдүү экономикадагы кесиптик багыт берүү боюнча окутуудан өттү
25 апрель

Окутуучулар креативдүү экономикадагы кесиптик багыт берүү боюнча окутуудан өттү

ОшМУнун колледждеринде эмгектен 40ка жакын окутуучу креативдүү экономикадагы кесиптик багыт берүү боюнча 72 сааттык окутуудан өтүп, 23-апрелде сертификаттарды алышты. 

Алар интерактивдүү жана креативдүү окутуу методикалары боюнча жаңы билимдерге ээ болду. Ошондой эле тажрыйбалуу тренерлер идеяларды жаратуу жана визуалдык сторителлинг боюнча практикалык мастер-класстарды өткөрүштү. Ал эми мастер-класска келген 50 студент креатондогу аталыштагы сынактарга катышууга жолдомо алышты. 

Бул окуу курсу «Креатон: Билим берүү — креативдүү экономиканын негизги кыймылдаткычы» программасынын алкагында уюштурулду. 

Программанын максаты — региондордогу студенттерге жана орто-атайын окуу жайлардын  окутуучуларына заманбап креативдүү билим берүү аркылуу кесиптик багыт алууга мүмкүнчүлүк түзүү.

Демилге билимге жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө, жаштардын чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүүгө жана креативдүү кесиптерди тандоого багытталган.