Депутат Дастан Бекешевдин окуу китептери боюнча кайрылууусунан кийин жолугушуу өттү
Бүгүн, 16-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Бекешевдин мектептерде окуу китептери жетишсиз болуп жаткан учурда алардын базарларда сатылып жаткандыгы тууралуу кайрылуусунда көтөрүлгөн маселелерди талкуулоо максатында жолугушуу өттү.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова, «Окуу китеби» басма үйү» мекемесинин директору Төлөгөн Аматов, «Учкун» ААКтын жетекчиси Бакытбек Султанов жана Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев катышты.
Анда тараптар мектептер үчүн басылып чыга турган ар бир окуу китебине QR-код жайгаштыруу маселесин талкуулашты. QR-код окуу китептеринин кыймылын көзөмөлдөөгө, тактап айтканда, китептин кайсы аймакка, мектепке жана класска берилгендиги тууралуу маалыматты аныктоого мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле QR-код аркылуу окуучулар жана мугалимдер окуу китебинин мазмунуна байланыштуу кошумча электрондук материалдарга жана санариптик ресурстарга жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Мындан тышкары, окуу китептерин басып чыгарууга каралган каражаттарды каржылоо жана бул багыттагы иштерди колдоо маселелери талкууланды.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев окуу китептерин басып чыгарууга зарыл болгон каражат маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
