Ысык-Ата: Мектепте иштебеген адамдарга мыйзамсыз айлык акы төлөнүп келгендиги аныкталды
Ысык-Ата райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Ак-Сай айылындагы И.Байбеков атындагы орто мектепте иш жүзүндө иштебеген адамдарга мыйзамсыз эмгек акы төлөнүп келгендиги аныкталды.
Алсак, мектептин жооптуу кызмат адамдары жумуш убактысын эсепке алуу документтерине жана эмгек акы төлөө тизмелерине жалган маалыматтарды киргизип, иш жүзүндө иштебеген адамдарга эмгек акы эсептеп турушкан. Натыйжада мамлекетке 1 млн 700 миң сомдон ашык материалдык зыян келтирилген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
