Кызыл-Кыядан Лейлекке чейин: депутаттар ичүүчү суу көйгөйүн чечүүнү талап кылышты
сүрөт: depositphotos.com
16 сентябрь

Кызыл-Кыядан Лейлекке чейин: депутаттар ичүүчү суу көйгөйүн чечүүнү талап кылышты

16-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар өлкөнүн бир катар аймактарындагы ичүүчү суу көйгөйлөрүн көтөрүштү.

Махабат Мавлянова Кызыл-Кыя шаарындагы суу менен камсыздоо жана канализация маселелерин чечүү зарылдыгын айтып, тиешелүү объектилерди республикалык бюджеттин эсебинен курууну кароону сунуштады.

Чыңгыз Ажибаев Лейлек жана Баткен райондорунун чек арага жакын аймактарындагы абалга көңүл бурду. Ал калктуу конуштарды заманбап техникалар менен камсыз кылып, ичүүчү жана сугат суу маселелерин чечүүгө чакырды.

Улан Примов Кара-Суу районунун Фуркат айылындагы ичүүчү суу көйгөйүн көтөрдү.

Токтобүбү Ашимбаева Аламүдүн районундагы «Нур билим» жаңы конушунун тургундарын таза суу менен камсыз кылуу зарылдыгын билдирди.

Суу маселеси башка көйгөйлөргө байланыштуу да айтылды. Нурбек Сыдыгалиев Балыкчы шаарындагы Ак-Олон айылында суунун деңгээли көтөрүлүп жатканын, мындан улам айыл чарба жерлери жана социалдык объектилер жабыркап жатканын билдирди.