Сүрөт ачык булактардан алынды
16 сентябрь
Чүй камералык оркестри аймактарда гастролдук концерттерди өткөрөт
Чүй камералык оркестри гастролдук сапарга чыгып, классикалык музыканы аймактардын жашоочуларына жакындатууга багытталган концерттик программасын тартуулайт.
Маданият министрлигинен кабарлашкандай, гастролдун алкагында оркестр Тогуз-Торо жана Жумгал райондорунда концерт берет. Долбоордун максаты — классикалык музыканы кеңири аудиторияга жеткиликтүү кылуу, жандуу оркестрдин аткаруусун аймактардын маданий жашоосунун ажырагыс бөлүгүнө айландыруу жана көрүүчүлөргө жандуу музыканын өзгөчө таасирин тартуулоо.
Концерттердин өтүүчү жайлары:
- 18-сентябрь — Тогуз-Торо райондук А. Сыдыков атындагы маданият үйү;
- 19-сентябрь — Жумгал райондук Ч. Дүйшеева атындагы балдар искусство мектеби.
Концерттерге кирүү акысыз.
Чүй камералык оркестринин жандуу аткаруусундагы классикалык музыкага күбө болуп, өзгөчө музыкалык атмосфераны сезүүгө бардык каалоочулар чакырылат.
