«Балага сүйүнчү» төлөмүн баалардын өсүшүнө байланыштуу 4 миң сомдон 10 миң сомго чейин көбөйтүү сунушталды
16 сентябрь

«Балага сүйүнчү» төлөмүн баалардын өсүшүнө байланыштуу 4 миң сомдон 10 миң сомго чейин көбөйтүү сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Нилуфар Алимжанова бала төрөлгөндө берилүүчү бир жолку «балага сүйүнчү» төлөмүнүн өлчөмүн 4 миң сомдон 10 миң сомго чейин көбөйтүүнү сунуштады.

Бул маселени ал 16-сентябрда парламенттин жыйынында көтөрүп, демилгесин баалардын жана инфляциянын өсүшү менен түшүндүрдү.

Учурда ар бир төрөлгөн балага берилүүчү төлөмдүн өлчөмү 4 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин 2026-жылдагы маалыматтарында көрсөтүлгөн.

Жыйында калктын кирешелери жана чыгымдары тууралуу маселени депутат Дастан Бекешев да көтөрдү. Анын айтымында, жарандар азык-түлүккө, дары-дармектерге, коммуналдык кызматтарга, ижара акысына жана мамлекеттик кызматтарга баалардын өсүп жаткандыгына даттанууда. Депутат Министрлер кабинетинен жөлөкпулдарды көбөйтүү пландалып жатабы жана бааларды кармап туруу боюнча кандай чаралар көрүлүп жатканын түшүндүрүүнү өтүндү.

Ошондой эле Алимжанова мектеп окуу китептеринин жетишсиздигине көңүл бурду. Анын айтымында, айрым балдарга үч-төрт гана китеп берилсе, калган окуу китептерин ата-энелер өз каражатына сатып алууга аргасыз болууда. Бул өзгөчө көп балалуу жана толук эмес үй-бүлөлөр үчүн оорчулук жаратууда.