«Акча бар, метро куруу керек»: Жогорку Кеңеште кайрадан Бишкектеги тыгын маселеси көтөрүлдү
сүрөт: depositphotos.com
16 сентябрь

«Акча бар, метро куруу керек»: Жогорку Кеңеште кайрадан Бишкектеги тыгын маселеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков Бишкектеги жол тыгындарынын фонунда метро куруу зарылдыгын билдирди.

Анын айтымында, борбор калаанын транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү эң актуалдуу маселелердин бири болуп калды.

Депутат экономикалык өсүш жана инвесторлордун келиши метро сыяктуу ири инфраструктуралык долбоорлорду кароого мүмкүнчүлүк түзүп жатканын белгиледи.

Транспорт маселелерин аймактардан шайланган депутаттар да көтөрүштү.

Алишер Козуев Ош – Өзгөн стратегиялык автожолундагы тыгындарга көңүл буруп, жолду жеңилдетүү үчүн тез арада чара көрүүгө чакырды.

Улугбек Ормонов да Ош – Өзгөн жолун реконструкциялоо зарылдыгын белгиледи.

Алтынкүл Мурзакимова Түндүк – Түштүк альтернативдүү жолуна видеобайкоо камераларын орнотууну жана Тогуз-Торо менен Бишкектин ортосунда микроавтобустардын үзгүлтүксүз каттамын уюштурууну сунуштады.

Сеидбек Атамбаев Аламүдүн районунун Арашан айыл аймагына «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында видеобайкоо камераларын, светофорлорду жана жол белгилерин орнотууну өтүндү.

Мындан тышкары, депутаттар Сузак районундагы ички жолдорду оңдоо, Манас шаарындагы айрым көчөлөрдү оңдоо, ошондой эле Каргалык айылында жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарларды жана арык лотокторун куруу маселелерин көтөрүштү.