Бишкекте заманбап фармацевтикалык логистикалык комплекстин курулушу башталды
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Саламаттык сактоо министрлигине караштуу “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын заманбап фармацевтикалык кампа-логистикалык комплексинин курулушун баштоого мезгил кутусун салуу аземине катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Анда сөз сүйлөгөн Адылбек Касымалиев өлкөнүн дары-дармек коопсуздугун бекемдей турган жаңы мамлекеттик системанын пайдубалы түптөлүп жатканын айтып, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан элди сапаттуу, коопсуз жана жеткиликтүү дары-дармек менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу тууралуу так талап коюп келгенин билдирди.
“Дарыны сатып алуу – иштин жарымы гана. Аны туура сактоо, өз убагында жеткирүү жана өлкөнүн кайсы жеринде болбосун бейтапка жеткиликтүү кылуу – бүтүндөй система. Биз дал ушундай системаны түзүп жатабыз. Баарыңыздарды Министрлер Кабинетинин атынан жаңы комплекстин курулушунун башталышы менен куттуктайм. Өлкөбүздө мындай деңгээлдеги мамлекеттик фармацевтикалык логистикалык комплекс биринчи жолу курулуп жатат. Эл аралык талаптарга жооп берген өз логистикалык базабыз болсо, ири дары өндүрүүчүлөр менен түз жана узак мөөнөттүү иштөөгө мүмкүнчүлүк ачылат. Биздин багыт так: ортомчуларды азайтуу, мүмкүн болушунча өндүрүүчүгө түз чыгуу”, – деди МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев.
Ал ошондой эле, адамдын ден соолугун мамлекеттик башкаруунун башкы артыкчылыктардын бирине чыгарганын, акыркы жылдардагы статистикалык көрсөткүчтөрдү айтып сөзүн улады. Маселен, 2021-жылы саламаттыкты сактоого 26 млрд сом бөлүнсө, 2026-жылы бул көрсөткүч 69,9 млрд сомго жетти. Мунун ичинде дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды каржылоого 2021-жылы 100 млн сом бөлүнсө, 2026-жылга 6,8 млрд сом каралган.
Белгилей кетсек, эл аралык деңгээлдеги GDP (Good Distribution Practice) талаптарына жооп берген заманбап фармацевтикалык кампа-логистикалык комплексин куруу долбоорун ишке ашырууга Мамлекет башчысынын колдоосу менен Турукташтыруу фондунан 650 млн сом бөлүнгөн. Комплекс эл аралык дистрибьютордук практиканын талаптарына ылайык жалпы 7,1 гектар жерге курулат.
Долбоордун негизги максаты – дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды кабыл алуу учурунан тартып медициналык уюмдарга жеткирүүгө чейинки аралыкта алардын тийиштүү деңгээлде сакталышын, иштетилишин жана бөлүштүрүлүшүн камсыз кылган заманбап мамлекеттик фармацевтикалык инфраструктураны түзүү.
