Садыр Жапаров “Борбордук Азия – Корея Республикасы” саммитине катышууда
президенттин администрациясы
16 сентябрь

Садыр Жапаров “Борбордук Азия – Корея Республикасы” саммитине катышууда

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, Сеул шаарында өтүп жаткан "Борбордук Азия – Корея Республикасы" биринчи саммитине катышууда.

Саммиттин катышуучу мамлекет башчыларын иш-чаранын алдында Кореянын президенти Ли Чжэ Мён тосуп алды.

Саламдашуу жана биргелешкен сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин делегация башчылары иш-чарага катышуу үчүн залга киришти.