Садыр Жапаров Сеулда “Борбордук Азия – Корея Республикасы” саммитинде сөз сүйлөдү
президенттин администрациясы
16 сентябрь

Садыр Жапаров Сеулда “Борбордук Азия – Корея Республикасы” саммитинде сөз сүйлөдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, Корея Республикасына расмий сапарынын алкагында Сеул шаарында өткөн “Борбордук Азия – Корея Республикасы” биринчи саммитинде сөз сүйлөдү.

Иш-чарага ошондой эле Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев жана Корея Республикасынын Президенти Ли Чжэ Мён катышты.

Өз сөзүндө Садыр Жапаров бүгүн мамлекеттердин стратегиялык өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүдө жаңы барак ачылып жатканын белгиледи. Ал акыркы жылдары динамикалуу, биримдиктүү жана экономикалык жактан өз ара байланышкан мейкиндикке айланган Борбордук Азиядагы масштабдуу өзгөрүүлөргө токтолду.

Мамлекет башчысынын айтымында, бул процесстердин өзөгүн өз ара ишенимди чыңдоо, аймактык кызматташтык жана жалпы узак мөөнөттүү кызыкчылыктарды түшүнүү түзөт. Туруктуу жана гүлдөп-өнүккөн Борбордук Азия аймактагы элдердин гана эмес, эл аралык өнөктөштөрдүн да кызыкчылыктарына жооп берет.

Президент өзгөчө аймактык тилектештиктин жогорку деңгээлин белгилеп, мунун далили катары Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Кыргыз Республикасынын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин бир добуштан колдогонун белгиледи.

Садыр Жапаров бул чечимди терең ишенимдин жана жоопкерчиликтин белгиси катары баалап, Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин курамында тынчтык, алдын алуучу дипломатия жана эл аралык укуктун принциптерин ырааттуу жактай турганына токтолду.

Мамлекет башчысы Корея Республикасын Борбордук Азиянын ишенимдүү өнөктөшү деп атап, акыркы жылдары соода, инвестиция, транспорт, энергетика, санариптештирүү жана билим берүү тармактарында өз ара пайдалуу кызматташтык калыптанганын белгиледи.

“Азыркы этаптагы негизги милдет – жогорку саясий ишенимди узак мөөнөттүү экономикалык жана технологиялык өнөктөштүккө өткөрүү”, – деди Президент.

Ал динамикалуу өнүгүп жаткан Борбордук Азиянын жаштар басымдуулук кылган калкы, ресурстары жана стратегиялык транзиттик жайгашуусу технология, өнөр жай жана инновациялар жаатындагы дүйнөлүк лидерлердин бири болгон Корея Республикасынын мүмкүнчүлүктөрү менен толукталарын белгиледи.

Ушуга байланыштуу Садыр Жапаров кызматташтыктын бир катар артыкчылыктуу багыттарын атады.

Ал “Борбордук Азия – Корея Республикасы” форматынын алкагында Тышкы иштер министрлеринин жолугушууларынын координациялоочу ролун күчөтүп, бул механизмге саясий коштоо жана жетишилген макулдашуулардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү функцияларын берүүнү сунуштады.

Экономикалык тармакта ал Өнөр жай министрлеринин колдонуудагы Консультативдик механизминин алкагында инвестициялар боюнча мамлекеттик мекемелердин кеңешин түзүүнү, маанилүү долбоорлордун бирдиктүү портфелин калыптандырууну жана артыкчылыктуу демилгелерди каржылоо, өндүрүштөрдү локалдаштыруу жана кореялык бизнестин Борбордук Азиянын рынокторуна чыгуусу үчүн биргелешкен инвестициялык фонд түзүүнү сунуштады.

Технологиялык кызматташтыкка, жасалма интеллектти киргизүүгө жана санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Бул контекстте Президент биргелешкен пилоттук технологиялык аянтчалардын тармагын түзүүнү сунуш кылды.

Климаттык күн тартибине токтолуп, Садыр Жапаров тоолуу аймактардын климаттык туруктуулугу боюнча өнөктөштүк түзүү демилгесин көтөрүп, катышуучуларды 2027-жылы өтө турган “Бишкек+25” Глобалдык тоо саммитине чакырды. Ал муну менен катар таза жана гидроэнергетика, ошондой эле “жашыл” мобилдүүлүк жаатындагы кызматташтыктын келечегин белгиледи.

Сөзүндө адам капиталын өнүктүрүү маселеси да маанилүү орунду ээледи. Мамлекет башчысы билим берүү программаларын, академиялык алмашууларды жана биргелешкен изилдөөлөрдү кеңейтүү менен бул жаатты кызматташтыктын системаны түзүүчү багытына айландырууга чакырды.

“Жарандардын билимин, кесиптик жөндөмдөрүн жана таланттарын өнүктүрүүгө салынган инвестициялар өлкөлөрүбүздүн технологиялык жаңылануусунун, туруктуу экономикалык өсүшүнүн жана узак мөөнөттүү атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн бекем негизи болууга тийиш”, – деп белгиледи Садыр Жапаров.

Сөзүнүн соңунда Мамлекет башчысы Саммит жана кабыл алынуучу Сеул декларациясы кызматташтыкка жаңы дем берип, жакынкы жылдарга конкреттүү долбоорлор жана багыттар камтылган практикалык иш-аракеттер программасы үчүн негиз түзөрүнө ишеним артты.

Ал кийинки жолугушууга чейин “Борбордук Азия – Корея Республикасы” форматы реалдуу натыйжаларды – ишке киргизилген өндүрүштөрдү, тартылган инвестицияларды, киргизилген технологияларды жана жарандар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүшү керектигин өзгөчө белгиледи.

“Саясий эркти иш жүзүндөгү жетишкендиктерге айландыруу зарыл”, – деп сөзүн жыйынтыктаган Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы активдүү жана жемиштүү биргелешкен иш алып барууга даяр экенин ырастады.