Саламаттык сактоо министрлигинде медициналык кароолорду уюштурууга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары талкууланды
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмоновдун тапшырмасынын негизинде алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү уюмдарында медициналык кароолорду уюштуруу боюнча мониторинг жана баалоо жүргүзүлдү.
Жер-жерлерде жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө жарандарды кабыл алууну уюштуруу, бейтаптарды медициналык кызмат көрсөтүүнүн тиешелүү баскычтарына багыттоо, адистердин ортосундагы иш жүгүн бөлүштүрүү, медициналык кароолордун графиктери жана калкка маалымат берүү маселелери изилденди.
Мониторингдин жыйынтыктары Саламаттык сактоо министрлигинин республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери менен өткөрүлгөн жумалык кеңешмесинде талкууланды.
Талкуунун жыйынтыгында медициналык кароолордун жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга, жарандардын агымын оптималдаштырууга жана медициналык уюмдардын ишин уюштурууну жакшыртууга багытталган кошумча чаралар аныкталды.
Тактап айтканда, жарандарды багыттоонун бирдиктүү алгоритмин иштеп чыгуу, бейтаптардын агымын бөлүштүрүү, графиктерди жаңылоо, ошондой эле талондордун санын адистердин жана кабинеттердин иш жүзүндөгү өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ылайык келтирүү тапшырылды.
Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине медициналык кароолорду жумуш убактысынын ичинде медициналык жардамдын сапатын төмөндөтпөстөн өткөрүүнүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо, ошондой эле медициналык кароолор үчүн өзүнчө кабинеттерди же пункттарды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырылды. Мындан тышкары, медициналык кызмат көрсөтүүдө колдонулган санариптик инструменттерди өркүндөтүү маселеси да каралат.
Негизги милдеттердин бири — медициналык кароолордун сапатын сактоо менен жарандарды кабыл алууну уюштурууну этап-этабы менен жакшыртуу жана күтүүгө кеткен убакытты кыскартуу болуп белгиленди.
