Барпы театры 35-театралдык сезонун «Күттүргөн жаз да келер» драмасы менен ачат
Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театры 35-театралдык сезонун ачат.
Маданият министрлигинен кабарлашкандай, жаңы сезон Кыргыз эл баатыры, драматург Бексултан Жакиевдин 90 жылдыгына арналат.
Сезондун ачылышынын алкагында көрүүчүлөргө үч спектакль тартууланат.
22-сентябрда саат 18:00дө Бексултан Жакиевдин «Күттүргөн жаз да келер» драмасы коюлат. Спектаклдин режиссёру — Кыргыз Республикасынын эл артисти Бакыт Жумалиев.
23-сентябрда саат 14:00дө Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Мар Байжиевдин «Он экинчи күн» комедиясы көрүүчүлөргө сунушталат. Режиссёру — Кыргыз Республикасынын эл артисти Бакыт Жумалиев.
25-сентябрда саат 18:00дө француз драматургу Жан Коктонун «Менин сүйгөнүм бар» психологиялык драмасы коюлат. Режиссёру — Акылбек Мамажан уулу.
Спектаклдер Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрында өтөт.
Театрдын директору — Элдияр Келгенбаев, көркөм жетекчиси — Курманбек Ниязбеков.
