Токмок шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ишке берилди
Токмок шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ишке берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.
Имараттын курулуш иштери 2025-жылдын ноябрь айында башталып, белгиленген талаптарга ылайык толугу менен бүткөрүлдү. Жалпы аянты 533 чарчы метрди түзөт.
Имарат шаардагы Жантаев көчөсүндө жайгашкан.
Долбоор Курулуш министрлигинин ички ресурстарынын эсебинен курулду.
Жаңы административдик имаратта жарандарды кабыл алуу жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн заманбап шарттар түзүлүп, "Бирдиктүү терезе"бөлүмү, архив, конференц-зал, кабыл алуу бөлмөсү, бухгалтерия жана кызматтык бөлмөлөр жайгаштырылган.
Белгилей кетсек, курулуш министри Нурдан Орунтаевдин жеке көзөмөлү алдында бүгүнкү күндө министрликке караштуу 20га жакын административдик имарат курулуп, пайдаланууга берилди. Бул иштер аймактардагы мамлекеттик мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана кызматкерлер үчүн заманбап иш шарттарын түзүүгө багытталган.
Буга чейин башкармалыктардын жамааты эски имараттарда иштеп келген.
