Саламаттык сактоо министрлиги
17 сентябрь
Сүйүнчү! Бишкекте үч эм жарык дүйнөгө келди
2026-жылдын 17-сентябрында Бишкек шаардык перинаталдык борборунда кесарево жолу менен үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.
26 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну борборго 28-августта мөөнөтүнөн мурда төрөт коркунучу, аз кандуулук жана шишик менен кайрылган. Бул анын үчүнчү төрөтү.
Үч эркек бала кош бойлуулуктун 36-жумасында төрөлгөн. Жаңы төрөлгөндөрдүн салмагы 2750, 2600 жана 2750 граммды түздү.
Төрөттөн кийинки аялдын жана жаңы төрөлгөн балдардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.
