Эмомали Рахмонго Түштүк Кореяда таэквондо боюнча 9-дан даражасындагы кара кур берилди
Сүрөт ачык булактардан алынды
17 сентябрь

Эмомали Рахмонго Түштүк Кореяда таэквондо боюнча 9-дан даражасындагы кара кур берилди

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго таэквондо боюнча 9-дан даражасындагы ардактуу кара кур тапшырылды.

Салтанат 17-сентябрда Рахмондун Корея Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Дүйнөлүк таэквондо федерациясынын (World Taekwondo) штаб-квартирасында өттү.

Тажикстандын мамлекет башчысына ардактуу жогорку даражадагы кара кур тапшырылып, таэквондо менен машыгууга арналган салттуу кийим кийгизилди.

Буга чейин Рахмон согуш өнөрлөрү жаатында да бир катар сыйлыктарга ээ болгон. Тажикстандын президентинин расмий өмүр баянында 2013-жылы ага таэквондо боюнча Эл аралык федерация (ITF) тарабынан да ардактуу 9-дан даражасы ыйгарылганы көрсөтүлгөн. Бул уюм таэквондо боюнча Дүйнөлүк федерациядан (WT) башка эл аралык уюм болуп саналат.

Азыркы сыйлык Дүйнөлүк таэквондо федерациясы (WT) тарабынан тапшырылды.