Жалал-Абадда унаанын үстүнө чыгып "өнөр" тартуулаган кыз кармалды
Жалал-Абадда унаанын үстүндө коомдук жүрүм-турум эрежелерине туура келбеген аракет жасаган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Окуянын видеосу интернетке тарап, анда кыз унаанын үстүнө чыгып алгандыгын көрүүгө болот.
Аталган факты боюнча Манас шаардык ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Текшерүүнүн жүрүшүндө видеодогу А.А. аттуу жаран, Манас шаардык жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган.
Аталган жаран өзүнүн коомдук жайдагы жүрүм-туруму туура эмес болгонун түшүнүп, коомчулуктан кечирим сурады.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзам чегинде тиешелүү чечим кабыл алынат.
Жалал-Абад ОИИБ жарандарды коомдук тартипти сактап, жүрүм-турум эрежелерин бузбоого жана өз аракеттерине жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.
