Васильевка айылындагы мурдагы почта бөлүмү мамлекетке кайтарылды
Башкы прокуратура
17 сентябрь

Васильевка айылындагы мурдагы почта бөлүмү мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык объект мамлекетке кайтарылды, деп кабарлайт Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө 2009-жылы А.Сыдыков айыл аймагынынын токтомунун негизинде Васильевка айылындагы мурдагы почта бөлүмү (социалдык объект) 1341,2 чарчы метр жер тилкеси менен биргеликте мыйзамсыз түрдө А.К. аттуу жарандын жеке менчигине берилип кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында аталган социалдык объект муниципалдык менчикке кайтарылды.