Россия Кыргызстанга жардам иретинде 5,4 миң үй-бүлөгө 540 тоннадан ашык ун жана буурчак берди
Ош шаарына Кыргызстандын түштүк аймактарындагы муктаж үй-бүлөлөргө берүү үчүн Россиядан кезектеги азык-түлүк жардамы жеткирилди.
Сентябрь айында БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын кампасына витаминдер менен байытылган буудай унунун 473,2 тоннасы жана бөлүнгөн сары буурчактын 67,5 тоннасы жеткирилген.
Азык-түлүктү өткөрүп берүү аземи 16-сентябрда өттү. Ага Россиянын Оштогу башкы консулу Роман Свистин, Орус үйүнүн жетекчиси Дмитрий Аврам жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өлкөлүк кеңсесинин өкүлдөрү катышты.
Жардам Кыргызстандын түштүгүндөгү аялуу жана муктаж 5 миң 400 үй-бүлөгө бөлүштүрүлөт. Ар бир үй-бүлөгө 100 кг ун жана 12,5 кг буурчак берилет.
Жардамды бөлүштүрүү иштери жергиликтүү бийлик органдары менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлөт.
