17 сентябрь

Эми уйдун сөөгү менен этинин баасы 770 сомдон ашпайт

Кыргызстанда эттин баасын туруктуу кармоо максатында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан атайын баа бекитилди. Аталган кызмат малды багуудан тарта базарга жеткирүүгө чейинки бардык чыгымдарды анализдеп чыгып, тиешелүү бааларды аныктады.

Мындан ары Бишкек шаарында уйдун сулп этинин баасы 870 сомдон сатылат. Ал эми сөөгү менен эттин дүң баасы 700 сом, чекене баасы 770 сом, койдун этинин дүң баасы 820 сом, чекене баасы 880 сом деп белгиленди.

Облустар боюнча баалар төмөнкүдөй:

Чүй облусу – уйдун сулп этинин баасы 850 сом, сөөгү менен эттин дүң баасы 700 сом, чекене баасы 770 сом, койдун этинин дүң баасы 800 сом, чекене баасы 880 сом.

Нарын облусу – уйдун сулп этинин баасы 840 сом, сөөгү менен эттин дүң баасы 690 сом, чекене баасы 750 сом, койдун этинин дүң баасы 820 сом, чекене баасы 840 сом.

Ысык-Көл облусу – уйдун сулп этинин баасы 870 сом, сөөгү менен эттин дүң баасы 700 сом, чекене баасы 770 сом, койдун этинин дүң баасы 820 сом, чекене баасы 840 сом.

Талас облусу – уйдун сулп этинин баасы 850 сом, сөөгү менен эттин дүң баасы 700 сом, чекене баасы 770 сом, койдун этинин дүң баасы 800 сом, чекене баасы 840 сом.

Ош облусу – уйдун сулп этинин баасы 870 сом, сөөгү менен эттин дүң баасы 690 сом, чекене баасы 750 сом, койдун этинин дүң баасы 820 сом, чекене баасы 880 сом.

Жалал-Абад облусу – уйдун сулп этинин баасы 870 сом, сөөгү менен эттин дүң баасы 700 сом, чекене баасы 770 сом, койдун этинин дүң баасы 820 сом, чекене баасы 880 сом.

Баткен облусу – уйдун сулп этинин баасы 880 сом, сөөгү менен эттин дүң баасы 705 сом, чекене баасы 775 сом, койдун этинин дүң баасы 820 сом, чекене баасы 850 сом.

Андан сырткары фарштын А категориясына – 80% эт, 20% май жана Б категориясына – 60% эт, 40% май туруктуу баалар бекитилди.