Топурак-химиялык лабораториясы мамлекеттик аккредитациядан өттү
17 сентябрь

Топурак-химиялык лабораториясы мамлекеттик аккредитациядан өттү

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Инженердик изилдөөлөр департаментинин топурак-химиялык лабораториясы Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунан аккредитациядан өттү.

Аккредитациянын жыйынтыгында лабораторияга № KG417/КЦА.ИЛ.167 аккредитациялоо аттестаты берилди.

Белгилей кетсек, аталган лаборатория өлкө боюнча ушул багыттагы мамлекеттик мекемелердин ичинен биринчи болуп аккредитациядан өттү.

Лабораторияда топурактын, суудагы эритменин жана жер алдындагы суулардын химиялык жана физикалык-механикалык көрсөткүчтөрү аныкталып, изилдөөлөр жүргүзүлөт. Анын жыйынтыктары инженердик изилдөө иштеринде, долбоорлоодо жана курулушта колдонулат.

Аккредитация лабораториянын техникалык компетенттүүлүгүн жана жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөрдүн ишенимдүүлүгүн тастыктайт.