Баткенде айылдарды өнүктүрүүгө багытталган "Менин айылым" долбоору улантылат
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
17 сентябрь

Баткенде айылдарды өнүктүрүүгө багытталган "Менин айылым" долбоору улантылат

КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев, Түштүк Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасындагы “Менин айылым” долбоорун пост-долбоордук колдоо» долбоорунун эксперттери менен жолугушту.

Жолугушууда KOICA агенттигинин долбоорунун жетекчиси Ли Мин Хо «Менин айылым» долбоору тууралуу маалымат берди.

Бюджети 670 миң АКШ долларын түзгөн долбоордун негизги максаты — айыл тургундарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу, киреше алып келүүчү объекттерди калыбына келтирүү, ошондой эле жергиликтүү топтордун техникалык жана башкаруу мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү.

Долбоор буга чейин ишке ашырылган «Менин айылым» долбоорунун уландысы болуп саналат. Ал Ош жана Баткен облустарындагы төрт айылга багытталган.

Анын алкагында Баткен облусунун Кадамжай районундагы Жал жана Чукур-Кыштак айылдарында тиешелүү иштер жүргүзүлөт.

Долбоордун негизги иш-чаралары төмөнкүлөрдү камтыйт:

объекттерди оңдоо жана кайра ишке киргизүү;

жергиликтүү тургундарды окутуу;

продукциянын сапатын жана таңгагын жакшыртуу;

тиешелүү сертификаттарды алууга көмөк көрсөтүү;

продукцияны рынокко чыгарууга көмөктөшүү;

айылдык өнүгүү комитеттеринин ишин күчөтүү.