Кыргызстандын төрт тармагы $618 млн инвестиция тарта алат
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
23 ноябрь

Кыргызстандын төрт тармагы $618 млн инвестиция тарта алат

Кыргызстан экономикасынын төрт тармагындагы реформалардын натыйжасында 618 млн долларга чейин жеке инвестиция тартууга жана кошумча 67,6 миң жумуш орунун түзүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги Дүйнөлүк банк менен Эл аралык каржы корпорациясынын «Өлкөнүн жеке секторунун диагностикасы» аттуу изилдөөсүнүн бет ачарынан кийин билдирди.

Эксперттер эң чоң мүмкүнчүлүктү мөмө-жемиштерди өстүрүү жана кайра иштетүү, жаратылышка багытталган туризм, тигүү өндүрүшү жана форель өстүрүү тармактарынан көрүшкөн.

Атап айтканда, мөмө-жемиштерди кайра иштетүү тармагы 250 млн долларга чейин инвестиция тартып, 24 миңге чейин жумуш орунун түзө алат. Жаратылышка багытталган туризмдин потенциалы 220 млн доллар жана 20,8 миң жумуш орду деп бааланган.

Ал эми тигүү тармагы 78 млн долларга чейин инвестиция тартып, 14,4 миң жумуш орунун түзүүгө, форель өстүрүү тармагы 70 млн доллар инвестиция тартууга жана 8,4 миң жумуш ордун камсыздоого мүмкүнчүлүк берет.

Бул мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу үчүн эксперттер жер тилкелерине жетүүнү жеңилдетүүнү, сертификаттоо системасын өнүктүрүүнү, лабораториялык изилдөөлөрдү, логистиканы, муздаткыч инфраструктурасын жана продукциянын санариптик көзөмөлүн жакшыртууну сунушташкан.

Ошондой эле туризм инфраструктурасын өнүктүрүү, квалификациялуу кадрларды даярдоо, ветеринардык көзөмөлдү күчөтүү жана экспорт үчүн шарттарды жакшыртуу артыкчылыктуу багыттар катары белгиленген.