Борбор Азиянын үч өлкөсү трояндык вирустардын чабуулуна эң көп кабылган мамлекеттердин ондугуна кирди
Сүрөт ачык булактардан алынды
23 ноябрь

Борбор Азиянын үч өлкөсү трояндык вирустардын чабуулуна эң көп кабылган мамлекеттердин ондугуна кирди

2026-жылдын биринчи жарымында Борбор Азиянын үч өлкөсү трояндык программалардын чабуулуна эң көп кабылган дүйнөдөгү 10 мамлекеттин катарына кирди. Бул тууралуу Kaspersky компаниясынын маалыматтарында айтылат.

Алардын ичинен Тажикстан эң жогорку көрсөткүчкө ээ болуп, дүйнөлүк рейтингде 5-орунду ээлеген. Анын көрсөткүчү 0,45%ды түзгөн.

Ал эми Өзбекстан 0,40% менен 8-орунга, Түркмөнстан 0,32% менен 10-орунга жайгашкан.

Рейтингдин биринчи сабында 0,83% көрсөткүч менен Кытай турат. Андан кийин Түштүк Корея (0,65%), Камерун (0,51%) жана Пакистан (0,47%) жайгашкан.

Ошондой эле алдыңкы ондукка Ирак (0,43%), Гонконг (0,41%) жана Бангладеш (0,33%) кирген.

Трояндык программалар өздөрүн кадимки тиркемелер же файлдар катары көрсөтүп, колдонуучулардын жеке маалыматтарын уурдоо, түзмөктөрүнө уруксатсыз кирүү жана башка зыяндуу программаларды орнотуу үчүн колдонулушу мүмкүн.

Белгилей кетсек, Kaspersky компаниясынын киберкоркунучтардын башка түрлөрү боюнча статистикасы өзүнчө мезгилдерди жана чабуулдардын түрлөрүн камтыгандыктан, көрсөткүчтөр айырмаланышы мүмкүн.