Бишкекке «мефедронду» мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип 18 жаштагы кыз кармалды 
видеодон алынган кадр
16 сентябрь

Бишкекке «мефедронду» мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип 18 жаштагы кыз кармалды 

«Түндүк» темир жол бажысынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында «мефедрон» аттуу синтетикалык баңгизатты Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз ташып келүү каналына бөгөт коюшту.

Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлгөн биргелешкен ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында 2008-жылы туулган А.А.Б. аттуу жаран кармалды.

Кармалган жарандан өзгөчө ири өлчөмдө «мефедрон» аттуу синтетикалык баңгизат табылып, алынган.

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, алынган баңгизаттын партиясын мыйзамсыз саткан учурда А.А.Б. жана башка тиешеси бар адамдардын мыйзамсыз кирешеси 10 миллион сомдон ашмак.

Аталган факты боюнча баңгизаттын келип чыгуу булагын, аны мыйзамсыз ташып келүү каналдарын, ошондой эле баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.