Жалал-Абад ОИИБ
16 сентябрь
Ноокен районунда дайынсыз жоголгон 15 жаштагы Элбара изделүүдө
Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын тургуну 2011-жлы туулган Сатиева Элбара Курманбековна изделүүдө. Ал 2026-жылдын 18-августунда үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.
Белгилери: бою 160–165 см, кара тору, кашы-көзү кара, чачы кара, орто дене түзүлүштө. Кийген кийимдери мезгилге жараша.
Аталган факт боюнча Ноокен РИИБ тарабынан издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Милиция Элбара Сатиеванын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалымат билген жарандар болсо, төмөнкү телефон номерлерине кабарлап коюуну суранат: (03734) 5-05-44, 0773 61-17-17, 0558 66-15-15.
