видеодон алынган кадр
16 сентябрь
Талас облусунда төө буурчакты кайра иштетүүчү жана таңгактоочу завод ачылды
Талас облусунда төө буурчакты кайра иштетүүчү жана таңгактоочу завод ачылды.
Ишканада 100гө чейин жумуш ордун түзүү каралган.
Завод төө буурчакты даярдоого, кайра иштетүүгө жана заманбап талаптарга ылайык таңгактоого багытталган.
Анын ишке кириши жергиликтүү айыл чарба продукциясынын кошумча наркын жогорулатууга жана аймактын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт.
