Новопокровка айылында ротвейлер жергиликтүү тургунга кол салды
Чүй облусунун Новопокровка айылында ротвейлер жергиликтүү тургунга кол салды. Ит жабырлануучунун кошунасына таандык.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жабырлануучу 12-сентябрда саат 07:30 чамасында ооруканага кайрылган.
Эркек кишинин эки билегинде жана эки балтырында ит тиштегенден улам бир нече жаракат, ошондой эле көкүрөк тушунда көгала жана сыйрылган жерлер аныкталган.
Учурда жабырлануучу травматология бөлүмүндө дарыланууда. Министрликтен анын абалы туруктуу экенин билдиришти.
Эркекке кутурмага каршы вакцина эки жолу сайылып, АДС-М вакцинасы жасалган жана антибактериалдык терапия дайындалган. Жарааттардын аймагында жеңил сезгенүү белгилери байкалууда. Бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Чүй облусунун ИИББ маалыматына ылайык, ротвейлер жабырлануучунун кошунасына таандык болуп, көчөгө чыгып кеткен.
Бул факты каттоого алынды. Ден соолукка келтирилген зыяндын оордук даражасын аныктоо жана иттин ээсинин аракеттерине укуктук баа берүү үчүн соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.
