Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын коргоодо курман болгон жоокерлер эскерилди
ИИМдин Ички аскерлеринде бүгүн, 16-сентябрда Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын коргоодо баатырларча курман болгон аскер кызматчыларынын жаркын элесине арналган эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.
Иш-чарага ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаты Бактияр Калпаев, Ички аскерлердин кол башчысы полковник Дамир Алыбаев жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты.
Эскерүү иш-чарасынын жүрүшүндө милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов сөз сүйлөп, мамлекеттик чек араны коргоодо өз өмүрүн аябаган жоокерлердин эрдиги жана мекенге болгон берилгендиги кийинки муундар үчүн да үлгү болуп каларын белгиледи.
Алардын өмүрү - Мекенди коргоонун бийик үлгүсү. Баатырлардын эрдигин эскерүү, алардын жаркын элесин урматтоо - мекенчилдиктин жана кийинки муун алдындагы ыйык милдеттин бир көрүнүшү болуп саналат.
Андан соң Жогорку Кеңештин депутаты Бактияр Калпаев чек арадагы куралдуу кагылышууларга катышкан аскер кызматчыларына Жогорку Кеңештин төрагасынын атынан ыраазычылык каттарын тапшырды.
Иш-чаранын соңунда катышуучулар мамлекеттик чек араны коргоодо курман болгон жоокерлердин элесине таазим этип, алардын эрдигин терең урматтоо менен эскеришти.
