Кыргызстан менен Корея бажы тармагында кызматташтыкты бекемдөөдө
Мамлекеттик бажы кызматы
16 сентябрь

Кыргызстан менен Корея бажы тармагында кызматташтыкты бекемдөөдө

2026-жылдын 16-сентябрында Корея Республикасынын Сеул шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы А. Салиев менен Корея Республикасынын Бажы кызматынын комиссары Ли Чон Уктун эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бажы тармагында эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле эки мамлекеттин бажы органдарынын ортосунда өз ара аракеттенишүүнүн мындан аркы багыттарын талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда бажы иштери боюнча кызматташуу жана өз ара административдик жардам көрсөтүү жөнүндө келишимге кол коюлду.

Келишимди ишке ашыруу Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын бажы органдарынын ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө, бажылык контролдоо, бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу маселелери боюнча маалыматтарды ыкчам алмашууну камсыз кылууга, ошондой эле товарларды мыйзамдуу өткөрүүгө жана тышкы сооданы өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

Келишимде ошондой эле товарлардын бажылык наркы, классификациясы жана келип чыгышы боюнча маалымат алмашуу, ошондой эле текшерүү иш-чараларын жүргүзүүдө өз ара административдик жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү каралган.

Жолугушуу жана Келишимге кол коюу Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун Корея Республикасына 2026-жылдын 15–18-сентябрында Сеул шаарында өтүп жаткан «Борбордук Азия – Корея Республикасы» саммитине катышуу үчүн расмий сапарынын алкагында өттү.