Ак-Талаа жана Ат-Башы райондук прокуратураларынын жаңы имараттары ачылды
Башкы прокуратура
16 сентябрь

Ак-Талаа жана Ат-Башы райондук прокуратураларынын жаңы имараттары ачылды

Башкы прокурор Малик Бектурганов Нарын областынын Ак-Талаа жана Ат-Башы райондук прокуратураларынын жаңы административдик имараттарын ачты.

Башкы прокурор жаңы имараттардын пайдаланууга берилиши кызматкерлер үчүн заманбап жана ыңгайлуу иш шарттарын түзүп, райондук прокуратуралардын ишин натыйжалуу уюштурууга, жарандарды кабыл алуунун сапатын жогорулатууга жана алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштерди күчөтүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Жаңы административдик имараттар заманбап талаптарга ылайык курулуп, кызматкерлердин иш алып баруусу жана жарандарды кабыл алуу үчүн зарыл болгон шарттар менен камсыздалган.

Мындан сырткары, Башкы прокурор Ат-Башы райондук прокуратурасынын кызматкерлери үчүн жаңыдан курулган кызматтык үйдү ачты.

Кызматтык турак жайдын пайдаланууга берилиши кызматкерлердин жашоо шарттарын жакшыртууга жана социалдык жактан колдоого багытталган.