Билим берүү, бизнес жана туризм: кызматташтыктын жаңы этабы
8 июль

Билим берүү, бизнес жана туризм: кызматташтыктын жаңы этабы

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинде кызматташтык тууралуу эки меморандумга кол коюлду.

Документтерге министрдин биринчи орун басары Гүлнура Мамырова жана «Ишкер» Кыргызстандын чакан жана орто бизнес ассоциациясынын төрагасы, Чүй облусунун туристтик дестинациясы «Алтын Сары-Өзөн» уюмунун төрагасы Батырбек Сыдыгалиев кол коюшту.

Биринчи меморандум эмгек рыногунда талап кылынган кадрларды даярдоого, ишкердик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жана инновациялык демилгелерди колдоого багытталган.

Экинчи меморандум туруктуу туризмди өнүктүрүү, туристтик тармак үчүн адистерди даярдоо, биргелешкен билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу жана өлкөнүн туристтик потенциалын илгерилетүүнү көздөйт.

Гүлнура Мамырова билим берүү уюмдары менен иш берүүчүлөрдүн тыгыз кызматташуусу атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоонун негизги шарты экенин белгилеп, дуалдык билим берүү студенттерге өндүрүштө практикалык тажрыйба топтоого кеңири мүмкүнчүлүк түзөрүн айтты.

Өз кезегинде Батырбек Сыдыгалиев мамлекеттин, бизнестин жана билим берүү уюмдарынын өнөктөштүгүн күчөтүү кадрларды сапаттуу даярдоонун маанилүү фактору экенин белгилеп, «Ишкер» ассоциациясы билим берүү мекемелери менен дуалдык билим берүү багытында ийгиликтүү кызматташып жатканын билдирди.

Кол коюлган меморандумдар билим берүү, илим, бизнес жана туризм тармактарындагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарып, биргелешкен билим берүү жана практикага багытталган долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөт.