Курулуш министрлиги
4 сентябрь
Сузак районундагы Кара-Булак айылында жаңы мектеп сентябрда пайдаланууга берилет
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Булак айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулду.
Курулуш министрлигинен кабарлашкандай, мектеп 2026-2027-жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилет.
Мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы наркы 99 миллион сомду түздү.
Долбоорго ылайык, имараттын жалпы аянты 1281 чарчы метрди түзүп, эки кабаттуу болуп курулду. Анда заманбап окуу класстары, компьютердик класс, китепкана, ашкана, эмгек кабинети, жыйындар залы жана бардык шарттары каралган спорт залы жайгашкан.
Мектептин курулуш иштери Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлгө алынып, объекттеги курулуш иштеринин жүрүшү жана сапаты текшерилип турду.
