Талиева «БатМУнун ректорунун ордуна көзү катып, мурду бүтпөгөнүн» айтты
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева депутаттар көтөргөн маселелердин айынан аларга таарынган адамдар көбөйүп жатканын билдирди.
Эске салсак, буга чейин депутат Балбак Түлөбаев МинКаб өкүлдөрү анын билдирүүсү үчүн таарынып жатканын айткан эле.
Камила Талиева дагы Түлөбаевдин билдирүүсүн толуктап, депутаттардан барган каттарга МинКаб «отписка» коюу менен чектелерин белгиледи.
«Министрлердин орун басарлары «отписканы» токтотушу керек. Биздин каттардын 99 пайызына «отписка» кылып коюшат. Андан көрө жооп беришпей эле койсун. Жасалып жаткан иштерди ачык-айкын айтышпайбы.
Мына, коррупция менен күрөш катуу башталды. Мен кечээ УКМКнын Баткен мамлекеттик университетинин жетекчилиги тарабынан 18 миллион сом кымырылганы тууралуу маалыматты айттым эле. Мага дароо «ректордун ордуна көз артып жатат» дегендей кептер жаады. Ректордун ордуна эч кимдин көзү катып, мурду бүтүп жаткан жок. Биз, депутаттар эч кимди ишке койбойбуз», – деди Талиева.
Ошондой эле, ал БатМУнун ректору «жеп» алды делген 18 миллион сом элдин акчасы экенин белгилеп, аны ордуна коюп коюусун талап кылды.
«Бири бирибизге таарынуунун кереги жок. Коррупциялык схемага аралаштыңбы, жазаңды ал», – деди ал.
