Сагынаев жасалма интеллекти мектеп программасына киргизүүнү сунуштады
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Болот Сагынаев Агартуу министрлиги жана Илимдер академиясы кесиптердин келечеги боюнча мониторинг өткөрүшү керектигин билдирди.
Ал жасалма интеллект – келечектин эмес, азыркы учурдун реалдуулугуна айланып калганын белгиледи.
“ЖИ көптөгөн тармактарды өзгөртүп жатат. Биздин милдет – балдарды жана жаштарды өзгөрүп жаткан дүйнөгө даярдоо. Ошондуктан мектеп программасына жасалма интеллект боюнча баштапкы билим берүү, санариптик сабаттуулукту этап-этабы менен киргизип баштоо керек. Муну менен балдардын баарын программист кылалы деген ниет жок, бирок технологияны түшүнүү, жоопкерчилик менен колдонуу жана жаңы шарттарга ыңгайлашуу ашыкча болбойт”, – деди депутат.
Ошондой эле ал Агартуу министрлиги жана Илимдер академиясы адистиктер боюнча мониторинг өткөрүшү керектигин кошумчалады.
“Быйылкы мектептин бүтүрүүчүлөрү тандап алган кесиптер беш жылдан кийин актуалдуу бойдон калабы, эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болобу, аны аныкташ керек”, – деди Сагынаев.
