Ала-Арчадагы каргашалуу окуядан кийин Кыргызстандагы бардык мектептерде туристтик ийримдерди ачуу сунушталды
Кыргызстандагы ар бир мектепте туристтик ийримдерди ачып, балдарды кичине кезинен тоодо коопсуз жүрүүгө үйрөтүү зарыл. Мындай сунушту Кыргызстандын спорттук туризм федерациясынын жана «Странник» туристтик клубунун жетекчиси Владимир Агафонов көтөрдү.
Бул сунуш Ала-Арча капчыгайында өспүрүм каза болгон каргашалуу окуядан кийин айтылды. Агафоновдун айтымында, кырсыктын чоо-жайы ага белгисиз, бирок бул окуя балдар туризмин уюшкан түрдө өнүктүрүү зарылдыгын дагы бир жолу көрсөттү.
Ал Кыргызстанда тоого чыгуу жана жөө жүрүштөр кеңири жайылтылып жатканы менен, балдарды мындай сапарларга даярдоо системасы дээрлик жок экенин белгиледи.
Адистин айтымында, бир нече жыл мурун мектеп окуучулары катышкан кырсыктардан кийин Билим берүү министрлиги класстар менен жаратылыш койнуна массалык түрдө чыгууга чектөө киргизген. Бирок өспүрүмдөр тоого барууну токтоткон жок. Тескерисинче, алардын айрымдары керектүү билими жана чоңдордун коштоосу жок эле өз алдынча чыгып жүрүшөт.
Агафонов тоолордо 14–17 жаштагы өспүрүмдөрдү жалгыз же чакан топтор менен жүргөнүн көп кездештирерин айтты.
Ошол эле учурда өлкөдө туристтик ийримдер өтө аз. Анын пикиринде, учурдагы чектөөлөрдү кайра карап чыгып, балдардын коопсуз саякаттоосуна шарт түзүү керек.
Ал ар бир мектепте туристтик ийрим ачып, сабактарды атайын даярдыктан өткөн инструкторлорго өткөрүп берүүнү сунуштайт. Алар балдарга жеринде багыт алууну, тобокелдиктерди баалоону, коопсуздук эрежелерин үйрөтүп, мугалимдерге жөө жүрүштөрдү уюштурууга жардам бере алышат.
Агафонов мектеп туризми кырсыктардын алдын алуу үчүн гана эмес, жаштарды мекенчилдикке тарбиялоодо да маанилүү экенин баса белгиледи.
Анын айтымында, балдардын өлкөнүн жаратылышы, тарыхы жана географиясы менен жакындан таанышуусу өз мекенин жакшы билүүгө жана анын келечегине жоопкерчилик менен мамиле кылууга өбөлгө түзөт.
«Адам өзү билген нерсени гана сүйө алат», — деди ал.
Адис мекенчилдикти салтанаттуу иш-чаралар аркылуу гана эмес, туулган жерди таанытуу, саякат уюштуруу жана Кыргызстандын жаратылыш байлыктары менен жакындан тааныштыруу аркылуу да калыптандыруу зарыл деп эсептейт.
