Кыргызстан Алматыдагы эл аралык көргөзмөгө ата мекендик 16 бренддин продукциясын алып барды
Сүрөт ачык булактардан алынды
12 ноябрь

Кыргызстан Алматыдагы эл аралык көргөзмөгө ата мекендик 16 бренддин продукциясын алып барды

11-ноябрда Алматы шаарында тамак-аш өнөр жайына арналган FoodExpo Qazaqstan 2026 эл аралык көргөзмөсү ачылып, анда Кыргызстандын 16 ата мекендик брендинин продукциясы сунушталды.

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» борборунан билдиришкендей, көргөзмөдө кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн товарлары коюлган улуттук стенд уюштурулду.

Ага Nuristan, «Айлана», Tatmal, «Бобёр Боб», «Дары леса», «Алайку Organics», «Ресурс», Confetto, ALIBAL, Sonun, Organic, Joy, «Тойбосс», «Атаман», «Белая река» жана «777» бренддери катышууда.

Көргөзмө ар кайсы өлкөлөрдүн өндүрүүчүлөрүн, жеткирүүчүлөрүн, импорттоочуларын жана бизнес өкүлдөрүн бириктирди.

Кыргызстандык компаниялардын катышуусу экспортту көбөйтүүгө, жаңы рынокторго чыгууга жана ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө багытталган. Иш-чаранын алкагында чет өлкөлүк импорттоочулар жана дистрибьюторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү пландалууда.

FoodExpo Qazaqstan 2026 көргөзмөсү 11-13-ноябрь күндөрү Алматы шаарындагы «Атакент» көргөзмө комплексинде өтүүдө.