Бишкекте түтүктөр алмаштырылган соң жолдун асфальты урап, эки унаа чуңкурга түшүп кетти
Бишкек шаарындагы Абаканская көчөсүндө жаандан кийин жолдун асфальты урап, пайда болгон чуңкурларга кичи автобус жана жеңил унаа түшүп кетти.
Алгач жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул тилкедеги эски асфальт чөккөнүн билдиришкен.
Бирок кийинчерээк аталган жерде буга чейин түтүктөрдү алмаштыруу иштери жүргүзүлүп, жумуштар аяктагандан кийин жол кайрадан топурак менен толтурулуп, асфальт төшөлгөнү белгилүү болду.
Окуя инженердик тармактарды оңдоо иштеринин сапатына жана андан кийин жолдун абалын калыбына келтирүүнү көзөмөлдөөгө байланыштуу суроолорду жаратты.
Эми окуяга ким жооптуу экени аныкталышы керек. Тактап айтканда, түтүктөрдү алмаштырган подряддык уюмбу же оңдолгон жол тилкесин кабыл алган муниципалдык кызматтарбы деген маселе турат.
Азырынча түтүктөрдү кайсы уюм алмаштырганы жана жолдун калыбына келтирилген бөлүгүнүн сапаты текшерилгени же текшерилбегени тууралуу маалымат жок.
