КР БШК
12 ноябрь
Мамбетжунус Абылов президенттик шайлоого талапкер болуу үчүн БШКга арыз берди
Бүгүн, 12-ноябрда, Абылов Мамбетжунус Абылович Кыргыз Республикасынын президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.
Кыргыз Республикасынын президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылуу бүгүн 2026-жылдын 12-ноябрында, саат 24:00дө аяктайт.
