Сентябрда Кыргызстанга $274,1 млн акча которулган
Сүрөт ачык булактардан алынды
12 ноябрь

Сентябрда Кыргызстанга $274,1 млн акча которулган

2026-жылдын сентябрь айында Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн келген акча которуулардын жалпы көлөмү 274,1 млн долларды түздү.

Улуттук банктан кабарлашкандай, анын ичинен 250,8 млн доллары КМШ өлкөлөрүнөн, ал эми 23,3 млн доллары алыскы чет өлкөлөрдөн которулган.

Ошол эле мезгилде Кыргызстандан чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн акча которуулардын көлөмү 9,4 млн долларды түздү. Анын 3,3 млн доллары КМШ өлкөлөрүнө, 6 млн доллары алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн.