Таласта баңгизат саткан топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду
КР УКМК баңгизат каражаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүнүн алкагында Талас облусунун аймагында баңгизаттарды даярдоо жана сатуу менен алектенген адамдардын тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.
Комитеттин билдирүүсүнө караганда, баңгизат каражаттарынын ири партиясын кезектеги жолу сатууга аракет кылып жаткан учурда кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн бири, Кыргыз Республикасынын жараны Б.Б.Р. кармалды.
Жашаган жана иштеген жерлеринде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жүрүшүндө чийки заттын кошумча запастары, ошондой эле баңгизат каражаттарын даярдоочу тиешелүү каражаттар табылган.
Учурда кармалган жаран Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Кылмыш ишинин алкагында укукка каршы аракеттердин бардык жагдайларын, мүмкүн болгон шериктерин жана баңгизат каражаттарын таратуу каналдарын аныктоого багытталган зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.
