Ошто чогуу жашаган аялдын 467 миң сомдук алтын буюмдарын уурдаган кыз кармалды
Ошто чогуу жашаган аялдын 467 миң 245 сомдук алтын буюмдарын уурдаган кыз кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан алтын буюмдарын уурдоого шектелген жаран аныкталып, тергөө кызматына жеткирилди.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмышты жасоого шектелип, Ош облусунун Ноокат районундагы Бел айыл аймагынын 2008-жылы туулган тургуну А. Я. аттуу кыз кармалган.
Тергөө кызматынын маалыматына караганда, шектүү кыз Ош шаарындагы Авиценна атындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде убактылуу жашап жүргөн. Ал ошол жерде чогуу жашаган аялга таандык алтын буюмдарын уурдаган деп шектелүүдө.
Учурда аталган факты боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, окуянын бардык жагдайлары такталууда.
