сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
13 ноябрь
Жолдорго муз тоңот! Чүй облустук милициясы айдоочуларды этичт болууга чакырды
Ушул жылдын 15-17-ноябрь күндөрү Чүй облусунун аймагында абанын температурасы 0…-2 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлүүдө.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө жана жолдордо муз тоңуу коркунучуна байланыштуу жарандарды, өзгөчө айдоочуларды сактык чараларын көрүүгө чакырат.
Жол кырсыктарынын алдын алуу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында төмөнкү эрежелерди сактоону эскертет:
- Унаанын техникалык абалын, өзгөчө дөңгөлөктөрүн жана тормоздук тутумун алдын ала текшериңиздер;
- Аба ырайынын шарттарына ылайык кышкы дөңгөлөктөрдү колдонуңуздар;
- Тайгак жолдордо ылдамдыкты азайтып, коопсуз аралыкты сактаңыздар;
- Кескин тормоз берүүдөн жана күтүүсүз маневр жасоодон алыс болуңуздар;
- Жөө жүргүнчүлөргө өзгөчө көңүл буруп, жолдон өтүүдө этият болуңуздар;
- Алыскы жолго чыгар алдында аба ырайы жана жол шарттары тууралуу маалыматтарды эске алыңыздар.
