Идрис Кадыркулов Кыргызстандын Украинадагы элчиси кызматынан бошотулду
Сүрөт ачык булактардан алынды
13 ноябрь

Идрис Кадыркулов Кыргызстандын Украинадагы элчиси кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык, Кадыркулов Идрис Анарбекович Кыргыз Республикасынын Украинадагы, Киев шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Молдова Республикасындагы, Болгария Республикасындагы жана Румыниядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызмат ордунан бошотулду.