Королдук балеттин прима-балеринасы Ясмин Надги: Үй-бүлө – бул сени ийгиликтериң же спектаклдериң үчүн эмес, жөн гана сүйгөн адамдар
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Ч.Айтматов атындагы Ысык-Көл форумунун вице-президенти жана башкы катчысы, Эл аралык элдик дипломатия ассоциациясынын вице-президенти, ASSOL Эл аралык коомдук кайрымдуулук фондунун президенти Ассоль Молдокматованын "Дүйнөнүн лидерлери"автордук рубрикасы.
Ар бир бийик сахнанын, дүркүрөгөн кол чабуулардын жана мыкты аткаруунун артында күнүмдүк чоң эмгек, тартип жана өзүн-өзү өркүндөтүү бар. Көрүүчүлөр бир нече сааттык спектаклди көрүшөт, бирок ошол нерсени көрүүчүгө тартуулоо үчүн артист кандай жолду басып өткөндүгү жөнүндө көп ойлонушпайт.
Ясмин Надги – Улуу Британиянын Королдук балетинин примасы, азыркы замандын эң мыкты балериналарынын бири. Анын ысымы көптөн бери жогорку чеберчиликтин символу болуп калган, ал эми Одетта менен Одиллиянын, Жизелинин, Джульеттанын, Манондун жана Авроранын партиялары дүйнөлүк балеттин эң көрүнүктүү чыгармаларынын катарына кирген.
"Дүйнөнүн лидерлери" рубрикасы үчүн эксклюзивдүү маегинде Ясмин Надги алдыңкы болуунун баасы, мүнөздүн күчү, ички күмөн саноолор, артисттин жашоосундагы үй-бүлөнүн ролу, искусствонун элдердин ортосундагы көпүрөлүк орду жана эмнеге чыныгы балет кыймылдан эмес, жан дүйнөдөн башталары жөнүндө айтып берди.
– Урматтуу Ясмин, дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар сахнадан идеалдуулукту, грацияны жана сулуулукту көрүшөт. А көшөгө артында эмне жатат? Адам өз кыялын орундатуу үчүн төлөөчү баа канчалык?
– Ассоль, мен көрүүчүлөр айсбергдин чокусун гана көрүшөт деп ойлойм. Сахнадагы бир нече саат миңдеген сааттык эмгектин, курмандыктардын, шектенүүлөрдүн жана мыкты болууга чексиз умтулуунун натыйжасы. Балет мага чыныгы сулуулук оңой-олтоң эмес, кандай гана кыйынчылык болбосун, алдыга умтула бергенде жараларын үйрөттү. Эң маанилүү сабак – идеалдуулук акыркы чекит эмес экенин түшүнүү. Бул өмүр бою уланган жол.
– Эгер наамдарды, сыйлыктарды, кол чабууларды жана дүйнөлүк атактуулукту алып салсак, Ясмин Надги ким болот?
– Биринчи кезекте мен жөн эле адаммын. Жашоону, үй-бүлөмдү, чын дилден сүйлөшүүлөрдү, саякаттоону, жаратылышты жана өзүңдү ким экениңди эстетип турган тынч учурларды сүйгөн аялмын. Балет менин жашоомдун чоң бөлүгүн ээлейт, бирок ал менин инсандыгымды толук бойдон билдирбейт.
– Баарын таштап салгыңыз келген учур болгонбу?
– Албетте. Ар бир артист чарчоо, жаракат алуу, белгисиздик жана өзүнө болгон ишеними алсызданган мезгилдерди башынан өткөрөт. Бирок ар жолу бийге болгон сүйүү менин коркууларымдан күчтүүлүк кылды.
– Балалыгыңыз кандай өткөн?
– Абдан бактылуу. Мен сүйүктүү жана колдоо көрсөткөн үй-бүлөдө чоңойгонума абдан бактылуумун. Ата-энем эч качан мага жол тандап, ошону менен кетүүгө мажбурлашкан жок, тескерисинче, өз кыялымды издөөгө жардам беришкен. Мына ушул нерсе мага кичинекейимден эле өзүмө болгон ишенимди бекемдеди.
– Эмне үчүн балетти тандадыңыз?
– Кээде мага балет мен тандабай эле, ал мени тандап алгандай сезилет. Мен кыймыл үн-сөзү жок эле окуяларды баяндай аларын түшүндүм жана бул кереметтүү дүйнөнү баш-отум менен сүйүп калдым.
– Сиздин дараметиңизге биринчи ким ишенген?
– Албетте, ата-энем. Кээде бир адамдын «Мен сага ишенем» деп айтканы эле бүт өмүрүңдү өзгөртүүгө жетиштүү болот.
– Бүгүн сиз Королдук балеттин прима-балеринасысыз. Кыялыңыз чындыкка айланып баратканын качан биринчи жолу сездиңиз?
– Чынын айтсам, мындай сезим наам алганымда эмес, дүйнөлүк маданияттын эң улуу окуяларын бий аркылуу баяндай алаарыма ишене баштаганымда болду. Бул чоң сыймык жана ошол эле учурда чоң жоопкерчилик.
– Сиздин жолуңузда эң кыйыны эмне болду — физикалык оору, атаандаштык же өзүңүз менен күрөшүү?
– Өзүм менен күрөшүү. Эң катаал сынчы биздин ичибизде жашайт. Мен күн сайын кечээкиден бир аз сабырдуу, боорукер жана акылдуу болууга аракет кылам.
– «Ак-куу көлүндөгү» Одетта жана Одиллия партияларындагы дебютуңуз Королдук балеттин көптөн күткөн окуяларынын бири болду. Бул эки легендарлуу образдарды жаратууда эң татаал нерсе деп эмнени айта аласыз?
– Эң татаал нерсе – техника эмес, бир эле кечте бир аялдан экинчи аялга айлануу болду. Одетта – бул тазалык, алсыздык жана үмүт. Одиллия – бул ишеним, азгырык жана күч. Алар бири-бирине карама-каршы, экөөнү тең чынчылдык менен жаратуу – балеттеги эң чоң көркөмдүк милдеттердин бири.
– Жизель алгачкы сүйүүдөн өлүмдөн кийинки кечиримге чейинки жолду басып өтөт эмеспи. Бул роль жеке сизге эмнени үйрөттү?
– Жизель мага сүйүүнүн чыккынчылыктан да, өлүмдөн да күчтүү экенин эске салат. Аны бийлеген сайын, боорукердик менен кечиримдин жаңы тереңдиктерин ачам.
– Джульетта көрүүчүлөрдүн көз алдында чоңоёт. Кайсы учурда сиз Джульеттаны ойноону токтотуп, анын жашоосун жашай баштайсыз?
– Эгер сен жөн гана ойноп жатсаң, көрүүчү муну дароо сезет. Сахнада ар бир эмоцияны чындап жашоо керек. Ошондо гана театр чыныгы кереметке айланат.
– Манон – дүйнөлүк балеттин эң татаал каармандарынын бири. Сиз аны айыптайсызбы же жан тартасызбы?
– Мен эч качан өз каармандарымды айыптабайм. Менин милдетим – аларды түшүнүү. Адамдын коркууларын, кыялдарын жана алсыздыктарын түшүнгөндө, табигый түрдө жан тартуу пайда болот.
– «Уйкудагы сулуу» балетиндеги атактуу «Кызгылт адажио» классикалык балеттин эң татаал техникалык сыноолорунун бири болуп эсептелет. Ушул мүнөттөрдө сиз эмне жөнүндө ойлоносуз?
– Сахнага чыгардын алдында техника жөнүндө ойлоном. Бирок музыка жаңыра баштаганда, баары жоголот. Жөн гана Аврора болуп калам.
– Сиз чоңойгон сайын өзгөрө турган роль барбы?
– Бардык ролдор десем болот. Жашоо тажрыйбасы ар бир каарманды кабыл алууңду өзгөртүп жүрүп отурат. Хореография ошол бойдон калат, бирок жан дүйнө башка окуяны баяндайт.
– Сиз кыялданган роль калдыбы?
– Менимче, ар бир артисттин алдында ар дайым жаңы кыял болушу керек. Дагы ачыла элек каармандар бар болсо, өсүүгө орун калат.
– Жеке жашооңуз тууралуу сейрек айтасыз. Бул атайылап кабыл алынган чечимби?
– Ооба. Мен ар бир коомдук адам өзүнө жана жакындарына гана таандык мейкиндикке ээ болушу керек деп эсептейм. Жеке мейкиндик чынчыл бойдон калууга жардам берет.
– Сиз үчүн үй-бүлө эмнени билдирет?
– Үй-бүлө – бул сени спектаклдериң жана ийгиликтериң үчүн эмес, жөн гана сүйгөн адамдар. Жакындарың гана кол чабуулар токтогондон кийин ким экениңди эстетип турат.
– Дүйнөлүк балеринанын талапты катуу койгон ыргагында жашап, ошол эле убакта бактылуу үй-бүлө курууга болобу?
– Бул оңой эмес. Бул үчүн түшүнүү, сабырдуулук, ишеним жана өз ара сый-урмат керек. Бирок сүйүү бирге өткөргөн убакыттын саны менен эмес, руханий байланыштын тереңдиги менен өлчөнөрүнө чындап ишенем.
– Дүйнөлүк деңгээлдеги балеринанын жашоосун чындап түшүнө ала турган эркек ким?
– Акылдуу адам. Башканын кесибин сыйлоого жетиштүү ишеними бар адам. Чыныгы сүйүү ишенимге, эркиндикке жана өз ара суктанууга негизделген.
– Эгер бир күнү жашоо чоң жаңы роль менен үй-бүлөнүн ортосунда тандоого мажбурласа, кайсынысы маанилүү болуп калат?
– Мындай тандоого эч качан туш келбей эле коеюн. Бирок кандай учур болбосун жаныбызда биз сүйгөн адамдар калышат.
– Кайсынысы маанилүү — кемчиликсиз техникабы же артисттин жан дүйнөсүбү?
– Техника таасирдүү. Жан дүйнө көрүүчүнүн жүрөгүндө калат. Чыныгы искусство көрүүчү техниканы байкабай калганда башталат.
– Искусство адамдарды өзгөртө алабы?
– Албетте. Улуу искусство адамды ойлонтот. Кээде бир спектакль адамды жүздөгөн китептерден да тереңирээк өзгөртө алат.
– Азыркы дүйнөгө эмне көбүрөөк жетишпей жатат?
– Боорукердик. Сый-урмат. Анан бири-бирибизди чын дилден угуу жөндөмү.
– Искусство элдик дипломатиянын куралы боло алабы?
– Албетте. Искусство бардык чек араларды, маданияттарды жана диндерди жеңген универсалдуу тилде сүйлөйт.
– Казакстандагы гастролдордон кийин Жаңы жылды Кыргызстанда тостуңуз. Биздин өлкө сизге кандай таасир калтырды?
– Бул чындап эле унутулгус саякат болду. Мени бийик тоолор, жаратылыштын таптаза кооздугу жана эң башкысы, адамдардын өзгөчө жылуулугу жана меймандостугу терең таасирлентти. Көздү кубандырган өлкөлөр бар. А Кыргызстан жүрөккө жетет.
– Качандыр бир кезде кайтып келгиңиз келеби?
– Абдан. Сиздин кооз өлкөңүздү жакшыраак билгим келет, жаш бийчилер менен жолугуп, балким, бир күнү бул жерде мастер-класс өткөрүүнү да каалайм.
– Кыргызстандын жаш балет артисттерине эмне дейт элеңиз?
– Эч качан өзүңөрдү башкалар менен салыштырбагыла. Өзүңөрдү кечээки өзүңөр менен гана салыштыргыла. Мына ушундан чыныгы чеберчилик башталат.
– Дагы деле орундала элек бир тилегиңиз барбы?
– Ар бир адамда дайыма жок дегенде бир тилек болушу керек деп ойлойм. Орундала элек тилегибиз турганда, өсүү токтобойт.
– Сиз сахнада Жизель, Жульетта, Одетта, Одиллия, Манон, Аврора жана башка көптөгөн улуу каармандардын жашоосун жашадыңыз. Ясмин Надгинин кайсы окуясын дүйнө али уга элек?
– Балким, дагы деле жашоону үйрөнүп жаткан аялдын окуясын. Жаш өткөн сайын жашоо жетишкендиктер менен гана өлчөнбөй турганын түшүнөсүң. Ал сүйүү, ыраазычылык, боорукердик жана башкаларды шыктандыруу жөндөмү менен өлчөнөт.
– Акыркы суроом. Адам кайсы бир күнү толук ички тынчтык менен «Мен жашоомду татыктуу жашадым» деп айта алышы үчүн кандай жашап өтүшү керек?
– Менимче, бул учур сенден кийин спектаклдер, сыйлыктар жана кол чабуулар гана калбай турганын түшүнгөндө келет. Эгер сен башкаларды өзүнө ишенүүгө, боорукер, эр жүрөк же бактылуу болууга шыктандырсаң, анда сенин жашооң чындап эле маңыздуу болгон.
– Ясмин, чынчылдыгыңыз, ойлоруңуздун тереңдиги жана таң калтырган ачык-айрымдыгыңыз үчүн чоң рахмат. Бул сүйлөшүү көптөгөн окурмандарды чыныгы улуулук таланттан гана эмес, күнүмдүк эмгек, рухий күч жана ишине болгон сүйүүдөн жаралат деп ойлонууга шыктандырат деп ишенем. Сизге жаңы чыгармачыл бийиктиктерди, жаркын ролдорду, бекем ден соолук жана бакыт каалайм.
– Ассоль, мен болсо сизге тереңдигиңиз жана терең суроолоруңуз үчүн рахмат айткым келет. Алар мени жөн гана жооп берүүгө эмес, жашоомдогу көптөгөн маанилүү учурларды кайрадан жашап, чындыгында эмне маанилүү экенин ойлонууга мажбур кылды. Мындай маектер жүрөктө узакка калат жана бул сүйлөшүү үчүн сизге чын жүрөктөн ыраазымын.
