Чүй облусунда шахмат боюнча кубоктун жеңүүчүлөрү аныкталды
14 ноябрь

Чүй облусунда шахмат боюнча кубоктун жеңүүчүлөрү аныкталды

12–13-ноябрда Сокулук районунда Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогуна тандоо турунун II этабы – Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогу өттү.

Мелдешке райондордун тандоо турунан өткөн 6 жаштан 18 жашка чейинки 237 окуучу катышып, алар жети жаш курактык категорияда күч сынашты. Катышуучулардын 171и балдар, 66сы кыздар болду.

Жыйынтыгында U18, U16, U14, U12, U10, U8 жана U6 категориялары боюнча жеңүүчүлөр жана байгелүү орундардын ээлери аныкталды.

Жалпысынан 41 жаш шахматчы кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланып, Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогу үчүн өтө турган республикалык финалга жолдомо алды.

Мелдеш Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы жана облустук шахмат федерациясы тарабынан уюштурулду.