Сүрөт ачык булактардан алынды
13 ноябрь
Жалал-Абад облусундагы эки унаа жолу убактылуу жабылды
Жалал-Абад облусундагы эки унаа жолунда кыймыл убактылуу токтотулду, деп кабарлайт Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы.
Тактап айтканда, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын тескемесинин негизинде Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка унаа жолунун 180–215,7-чакырым аралыгына тосмолор коюлуп, жол убактылуу жабылды.
Чектөө күз-кыш мезгилиндеги коопсуздук чараларына байланыштуу киргизилди.
Ошондой эле Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун Жалал-Абад–Казарман–Сары-Кыр тилкесинин 357–443-чакырым аралыгы тиешелүү буйруктун негизинде 1-ноябрдан тартып убактылуу жабылган.
Буга байланыштуу министрлик айдоочуларды жолго чыгар алдында автожолдордогу кырдаалды эске алып, сапарларын алдын ала пландаштырууга чакырат.
